Коом

Кыргызстандык жаранга Россияда 1,3 млн рубль эмгек акысы өндүрүлүп берилди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендешке 1 миллион 377 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карызын өндүрүп берүүгө жардам берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чиновниктердин расмий кийлигишүүсүнөн кийин «СК Моно» ЖЧКсы карызды толук көлөмдө төлөп берген.

Белгиленгендей, Кыргызстандын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо максатында өкүлчүлүктүн кызматкерлери зарыл юридикалык иштерди жүргүзүп, иш берүүчү менен консультацияларды өткөрүшкөн. Ага кызматкер алдындагы келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы эскертилген. Натыйжада ишкана карыз болгон сумманы толугу менен которуп берген.

Тектеш кабарлар

Back to top button