Бишкектеги Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулду

Бишкек шаарындагы Дордой конушунда №94 орто билим берүү мектебинин жанына 570 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, билим ордосунда эки нөөмөттү эске алганда 1000ден ашык окуучу билим ала алат.
Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап окуу корпусу курулду. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы окуу корпусу Дордой конушундагы мектепке болгон муктаждыкты азайтып, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



