Бишкекте жасалма документтерди даярдоо боюнча чет өлкөлүк эки жаран кармалды

2026-жылдын 1-октябры Бишкекте жасалма документтерди даярдоо жана пайдалануу боюнча кылмыш ишинин алкагында чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 1-октябрында чет мамлекеттин эки жараны — 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Алар виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда окуянын бардык жагдайларын , ошондой эле жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.



