Коом

УКМК: Кант шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар системалуу түрдө улантылууда.

Чогултулган материалдардын алкагында Кант шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 1998-жылы 1,07 гектар аянтты ээлеген бала бакча, анын ичинен 14 сотых имараттын астындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен, аталган комплекс максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн, б.а. балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максатында Кант шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.

КР УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button