Коом

Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлеринин 3-жыйынына катышты

Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү . Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Иш-чара Казакстан Республикасынын Ички иштер министри, полициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Кылмыштуулукка каршы күрөштө, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөөдө жана дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жерин аныктоодо кызматташууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга, мыйзамсыз букмекерликке жана кумар оюндарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, экстремизмге, терроризмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешкен иш алып баруу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүүгө каршы күрөшүү жаатындагы укук коргоо органдарынын кызматташтыгына да өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мыйзамсыз миграция боюнча маалымат алмашуу жана ага байланышкан кылмыштардын жайылышына өбөлгө түзгөн факторлорду жоюу чараларын талкуулашты.

Жыйындын маанилүү жыйынтыктарынын бири Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо болду.

Жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 4-жыйынын 2027-жылы Түркия Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын соңунда тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы негизги макулдашууларды жана мындан аркы кызматташтыктын багыттарын бекемдеген биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Тектеш кабарлар

Back to top button