Коом

Бишкекте таштандыдан табылган баланын абалы оор

Бишкекте таштандыдан табылган баланын абалы орто оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«28-январь күнү саат 08:05те тез жардам менен Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалдагы ымыркай жеткирилген. Ага ара төрөлгөн деген диагноз коюлган кыздын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бөбөк тиешелүү дарылоонуудан өтүп жатат», — деп маалымдашат министрликтен.

Маалыматка караганда ымыркай учурда реанимацияда.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү таштандыдан ымыркай табылган. Аны мектеп окуучулары байкап калышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button