Дүйнө

Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселесин тез арада чечүүнү жактай турганын айтты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселелерин тез арада чечүүнү жактай турганын билдирди.

Азаттыктын тажик кызматы «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, ал бул тууралуу 17-апрелде Тажикстандын Согди облусуна болгон иш сапарынын алкагында Исфара шаарынын тургундары менен сүйлөшүп жатып билдирген. Ошол эле учурда Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоону негизги маселелердин бири деп атап, анын сүйлөшүү жолу менен чечилишин жактай турганын билдирди.

Тажикстандын президентинин айтымында, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөр башталган 2002-жылдан бери «170тен ашык жолугушуу жана сүйлөшүүлөр болуп, 987-663,7 км. километр чек ара аныкталды, башкача айтканда чек ара сызыгынын 68,4%. макулдашылды.

Рахмон белгилегендей, Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен орун алган көйгөйлөрдү эки тарапка тең пайдалуу чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү чечкиндүү жактайт, бирок «бул абдан татаал процесс жана адистердин көп убактысын жана күч-аракетин талап кылат .»

Соңунда тажик лидери тургундарды эмоцияга алдырбоого чакырды.
«Мен дагы бир жолу Исфара шаарынын тургундарына эскертип кетем, алар кошуналары менен өз ара түшүнүшүү жана жакшы коңшулаштыктын шартында жашап жана баарлашып, достук кызматташтыкты орнотуу, сабырдуулук жана эмоцияга алдырбоо керек», — деди тажик президенти.

Эске салсак, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзүп, анын 664 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button