Маданият

«Сулайман-Тоо» музейи 1-мартка чейин акысыз экскурсия сунуштайт

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси башкы көргөзмө залы менен үңкүр музейине 1-мартка чейин акысыз экскурсия сунуштайт.

Кыргызстандагы эң чоң музейлердин бири “Сулайман-Тоо” Ош шаарында ушул эле аталыштагы тоонун этегинде жайгашкан. Комплекс 1949-жылы негизделген.

Азыркы музейдин имараты 1978-жылы курулуп, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун ичинде оюлуп жасалган.

Бүгүнкү күндө музейдин коллекциясында археологиялык жана этнографиялык, кол өнөрчүлүк, сүрөт, скульптура жана графика боюнча 35 миңге жакын экспонат бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button