Коом
Конституциялык сот мэриянын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты

«Конституциялык соттун чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө таянуу менен кабыл алынган токтом Баш мыйзамга каршы келбейт жана мыйзамдуу деп табылды«, — деп жазылган мэриянын маалыматында.
Чечимде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керектиги, анын ичинде чыгарылган актыларды жокко чыгаруу укугу да камтылышы зарыл экени белгиленген.
Буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.