Коом

УКМК: Талас облусунда аянты 16,5 га жер тилке (Балык чарба) арзан баада мыйзамсыз сатылганы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында, Талас балык чарба мамлекеттик ишканасына тийиштүү, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 га №1 сандуу көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталып, аукционду уюштуруу жана көлмөну сатуу иштерине шектүү катары, КРнын УКМКнын Талас облусу боюнча Башкармалыгы тарабынан төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты.

—              1974-жылы туулган Ш.А.Ж. — (Бакай-Ата райондук сот аткаруучу);

—              1962-жылы туулган Ж.Б.Н. — (Бакай-Ата райондук салык башчы);

—              1969-жылы туулган Ч.М.А. — (көлмөнү мыйзамсыз  сатып алган ЖИ).

Иликтөө иштерин жөнгө салыш максатында, жогорудагы адамдар Талас облустук ИИМ убактылуу кармоо жайына 1 айга камакка алынышты. Тактап айтканда, алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкен, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button