Коом

УКМК: Араван райондук сотунун судьясынын атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана билип туруп сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталган.

Ошентип, Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун аймагында жайгашкан жер тилкесине менчик укугун таанып, билип туруп адилетсиз чечим чыгарган.

Ошол эле учурда, бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза болгон күбө А.К. нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган.  Деген менен өлүм күбөлүгүнө ылайык, аталган жаран 2023-жылдын 1-январында каза болгон.

Мындан тышкары, сот отурумунун протоколуна ылайык процесстин жүрүшүндө  Г.Э.жана Ю.Т. күбө катары да суралгандыгы белгиленген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга такыр катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судья Д.Н.Б. эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталды.

2025-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судья Д.Н.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

2025-жылдын 17-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Д.Н.Б. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) жана 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап адилетсиз чечим чыгаруу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button