Коом

16 миңден ашык STEM мугалим квалификациясын жогорулатты

Табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган курстар өткөн жылдын октябрь айында башталып, өлкөнүн бардык аймактарында эмгектенген мугалимдерди камтыган.

Курстар мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө үйрөтүүгө багытталган.

Тренингдер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды.

Окутуулар математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүргөн.

Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыган:• мастер-тренерлер тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер;• кошумча электрондук материалдарды изилдөө;• алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгуу;• мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышуу;• жаңы форматта сабактарды өткөрүү.

Окутууларды квалификациялуу мастер-тренерлер өткөргөн. Ал эми тренингдерде жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, курстарды аяктаган ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Ал эми мастер-тренерлер мугалимдердин сабактарына катышып, жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө колдоо көрсөтүштү.

Быйыл Кыргызстан PISA эл аралык тестирлөөсүнө катышканы турат. Андыктан, PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый илимий/математикалык сабаттуулугун жогорулатууда тренингдердин мааниси зор. 

Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button