КР Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган 13 жаңы тез жардам унаасынын баасы канчадан айланды?

Бул суроого КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов жооп берет. Анын айтымында жарандар социалдык тармактар аркылуу министрликтин жаңы тез жардам унааларын кымбат баада сатып алганын айтышууда.
“Кыргызстандын аймактары үчүн атайы дизель майы керектелчү 4WD “Соболь” унаалары алынды. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен алганда 49 миң доллардан айланды. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге болсо кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Форд Транзит үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң доллардан туура келди. Тендерге жалпысынан 4 фирма катышкан. Алардын ичинен кызмат акысын арзанга сунуштаган компанияны тандап алдык. Бул тез жардам унааларынын комплектациясы, жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болот. Тендерди уткан компания унаанын ичине орнотулчу медициналык жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөтүп, ошого ылайык транспорт каражаттары жабдууланган. Андан соң гана консорциумга берилди. Бул жакта бекитилген өзүнчө эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришти. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң тез медициналык жардам унаалары КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Биз жаңы атайы техникаларды текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү тармагында эмгектенген эксперттер дагы оң баасын беришти”.
Бул сатып алуу тендердик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлгөнүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов кошумчалады.



