Дүйнө

Өзбекстанда май куюучу жайда газ жарылды

Кечээ, 20-февралда саат 18:02де Анжиян облусунун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Шахрихан районунун Янги Найнаво Махалла шаарында жайгашкан май куюучу станцияда пропан газы жарылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Кырсык болгон жерге саат 18:13тө Тез жардам кызматы барган.

Маалыматтарга ылайык, кырсыктан май куюучу жайдын аймагында болгон эки жаран жаракат алган. Учурда жабыркагандар райондук ооруканага жаткырылган. Окуянын себептери жана материалдык зыяндын суммасы такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button