Коом

УКМК: Кара-Сууда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 18-февралында КР УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган

«Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында «Хизбут -Тахрир» радикал-экстремисттик агымынын «Аль-Вайи» деп аталган 4 китеби, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button