Коом
Өмүрбек Бабанов Эр-Риядда Биволду күйөрмандык кылды

Жеке ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасында Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына барып, Дмитрий Биволду колдоп келген видеосу менен бөлүштү.
«Бивол тынымсыз эмгек, умтулуу жана өжөрлүк жеңишке алып келээрин дагы бир ирет далилдеди. Бивол – Чемпион, мыктынын эң мыктысы! Биволду колдогон бардык Кыргызстандыктарыбызды бул чоң жеңиш менен куттуктайм»,- деп жазды ал.



