Коом
Аламүдүн дарыясынан 22 миң 500 куб шагыл-таштанды чыгарылды

Чүй облусундагы Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоодо жалпы 22 миң 500 куб шагыл-таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жогорку Көк-Жар айылынан баштап дарыянын 3200 чарчы метр нугу тазаланды. Тазалоо иштерине ӨКМден 4 эксковатор, Бишкек шаардык мэриясынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч, 5 Howo жана башка инженердик техникалар тартылган.



