Коом

Бүгүн Таласта жер титиреди

Бүгүн, 10-августта саат 10:26да Кыргызстандын аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жердин силкинүүсү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button