Лейлекте кырсыктап комада жаткан жоокердин апасы президентке кайрылды

Баткенде Лейлек чек ара отрядынын аскерлери жол кырсыкка кабылып, бир чек арачы оор абалда ооруканада комада жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоокерлер «Ак-Суу» чек ара тозотунан «Кайрагач» заставасына бара жатышкан. 4-апрелде саат 08:30дар чамасында Ак-Суу — Раззаков жолунда кызматтык «УАЗ-Пикап» үлгүсүндөгү унаа жүрүп бара жаткан учурда 22 жаштагы Н.Д. аттуу жоокер унаанын кузовунан кулап кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, ага жаман жолдон унаанын катуу силкингени себеп болгон. Жыгылган аскер кызматкери эсин жоготкон.
Тез жардам бригадасы чакырылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген дарыгерлер тарабынан шашылыш операция жасалган.
«Учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор деп бааланууда, ага бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик органдарда аны Бишкек шаарына жеткирүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар, бирок медициналык көрсөткүчтөргө байланыштуу жоокердин абалы толук турукташмайынча жол жүрүү мүмкүн эмес», — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Лейлекке тажрыйбалуу нейрохирург жөнөтүлдү. Бейтапты Бишкекке жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, бирок медициналык көрсөткүчтөргө ылайык, анын абалы толук турукташмайынча башка жакка ташууга уруксат бериле элек.
Ал арада жоокердин жакындары президентке кайрылып, дарыгерлердин жетишсиз болуп жатканын айтышууда. Видео соцтармакта тарап жатат.
“Ош шаарынан дарыгерлер 9 сааттан кийин келип, операция жасап кетишти. Балам андан бери өзүнө келе элек. Дарыгерлер 72 саат күтөбүз, андан башка айлабыз жок деп жатат. Мен баламдын өлүмүн күтүп отурамбы 72 саат? Операция жасаган дарыгерлер кетишти, азыр бул жакта дарыгерлер жок болуп жатат”, — деди чек арачынын апасы.
Учурда чек ара кызматынын төрагасынын орун басары жетектеген ыкчам топ түзүлүп, кызматтык иликтөө башталды. Жабыркаган жоокер 2025-жылдын күз айларында аскерге чакырылганы айтылды.


