Коом
Бишкектеги асма жол Манас проспектиси аркылуу Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин болушу мүмкүн

Бул тууралуу калаа мэринин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.
Бул курулуш варианттарынын бири гана, анын узундугу 6 чакырым болмокчу. Буга чейин долбоорду ишке ашыруу планы боюнча швейцариялык компания менен келишим түзүлгөн.
Иш үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында башталат. Аны 2025-жылдын үчүнчү кварталында бүтүрүү пландалууда.
Муниципалитет асма жол аркылуу күнүнө 50 миңден 100 миң адамга чейин каттайт деп божомолдоп жатат.
Долбоор ар кандай булактардан – шаардык бюджеттен, инвестиция жана насыялардын эсебинен каржыланат.



