УКМК: Ак-Талаа районундагы мурдагы чарбалар аралык «Плодородие» ишканасынын 2,17 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында жайгашкан мурдагы чарбалар аралык «Плодородие» ишканасынын жалпы аянты 2,17 га жер участогу мамлекетке кайтарылды.
«Плодородие» чарбалар аралык ишканасы 1979-жылы аймакты айыл чарба азыктары, сырьёлорду өндүрүү жана кайра иштетүү менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
Ошол эле жылы, Ак-Талаа районунун Эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен «Плодородие » чарбалар аралык ишканасына Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында өндүрүштүк жана маданий-тиричилик объекттерин куруу үчүн 2,17 га жер тилкеси бөлүнүп берилген.
1993-жылы чарбалар аралык » Плодородие » ишканасы «Камкор» ачык акционердик коому (ААК) болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси болуп К.З. шайланган.
2007-жылы «Камкор» ААКсы документтерди жасалмалоо жолу менен жоюлуп, «Ак-Талаа-Камкор» деп кайра аталгандан кийин К.З. курулуштары жана 2,17 га аянты бар бул ишкананы Т.Б. аттуу жеке тарапка өткөрүп бергендиги аныкталган.
2014-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа филиалы тарабынан Н.Т. атынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.
Бул объект тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысына ылайык Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилди.



