Коом

Сузакта кой уурдоого шектелген 2 кыз кармалды

Сузакта кой уурдоого шектүү кыздар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге Сузак айылынын 1986-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал 8-февраль күнү саат 22:00 чамасында үйүнүн короосуна белгисиз жарандар кирип, 8 баш коюн уурдап кеткенин билдирген.

Жабырлануучуга олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган маалымат Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1994 жана 2005-жылы туулган тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button