Көңүл буруңуз! Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат, автобустардын кыймыл схемалары убактылуу өзгөрөт

Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат.
Ошондуктан, 2025-жылдын 31-мартынан тартып, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Буга байланыштуу айрым автобус каттамдарынын кыймыл схемалары өзгөрөт.
Ж.Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн аралыгында №№5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттары Фрунзе көчөсү аркылуу жүрөт. Ал эми №№7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттары Киев көчөсүнө багытталат.
Мындан тышкары, транспорт каражаттары үчүн светофорлордун иштөө убактысы жөнгө салынат.
Жер алдындагы өтмөк эскалаторлор, заманбап лифттер жана социалдык-сервис объекттери менен жабдылат. 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай борбордук көчөлөрдөгү жүктөмдү азайтып, унаа токтотуучу орун табууну жеңилдетет.
Бул долбоордун негизги максаты — шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө жана кыймылы чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.
Шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багыттарыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз.



