Коом
Токмокто кафеге уурулукка кирген киши мас болуп уктап калган. Аны милиционерлер ойготту

Милициянын маалыматына караганда, окуя 9-мартта болгон. Анда уурулукка кирген киши кафенин ичин чачып, акча, баалуу буюм салынган сейфти ачкан. Кубанганынан спирт ичимдигин ичип алганбы, айтор, диванга жатып уктап калган. «Мас ууруну» кафенин кожоюуну менен милиционерлер ойготушкан.
Милиционерлер дивандын жанынан киши алып кетпей калган акча, баалуу буюмдарды алган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 150 миң сомду түзүп, 40 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



