Коом
ӨКМге 71 млн. долларга эки тик учак алуу пландалууда

Техника издөө-куткаруу иштеринде колдонулмакчы.
«Кореядан чыккан KUH-1 тик учагын жабдыктары менен чогуу алып жатабыз. Ал түндө, начар аба ырайында, тоолуу аймактарга дагы уча алат. 2,5 тоннага чейин жүк жеткирип, өрткө каршы суу ташыган челеги болот. Мындай тик учак бизде жок», — деди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов.
ӨКМге буга чейин үч тик учак алынган. Алар төрт, алты адам баткан жана Россия тарабынан берилген МИ-8 тик учактары.



