Коом

Оштун мэри Жалал-Абадда эки бөбөктү коюп кеткен айдоочу анын баласы эмес, тууганы экенин тастыктады

Жеңишбек Токторбаев соцтармакта 15-мартта болгон кырсыкка байланыштуу анын атына карата айтылып жаткан сөздөргө жооп берди.  

“BMW үлгүсүндөгү В5500ВА номерлүү унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин уулу, 2000-жылы туулган Ш.З. болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып, 15-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген. Мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз!” — деген Токторбаев. 

Эске салсак, BMW тротуарга чыгып кетип, 5 жана 3 жаштагы балдарды сүзүп кеткен. Кырсыктан бөбөктөрдүн улуусу ошол жерден каза болуп, кичүүсү ооруканага жаткырылган. Ал эми качып кеткен айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button