Коом

УКМК: Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,  УКМК тарабынна текшерүү иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш а/а жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды.

2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.

Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 га, колдонууга жарактуу аянты 1094 кв.м болгон бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган Бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button