Коом

Таиланд менен Камбоджадагы кыргызстандыктарга эскертүү берилди

 Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына эки өлкөнүн жаңжал чыккан аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ведомство ошондой эле Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону эскертти.

“Жергиликтүү бийлик менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранабыз”, — деди ТИМ.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Тышкы иштер министрлигинин ыкчам байланыш номерине +996 999 312002 (WhatsApp) кайрыла алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button