Коом

Кара-Суу районунда ала качуу фактысы менен 4 жаран кармалды

2022-жылдын 26-январында саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Кылым-Ордо” аталышындагы чайкананын алдынан, Кара-Суу шаарынын тургуну 14 жаштагы Н. Н., аттуу жаранды (кыз бала) никеге туруу максатында Кара-Суу районунун тургуну 25 жаштагы И уулу Б., аттуу жаран өзүнүн айылдаш 3 досу менен, “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы турак- жайына алып качкандыгы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн атуулдар такталып, тергөөгө камсыз кылынган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, Н.Н., аттуу жарандын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, шектүү катары кармалган жарандар И.уулуБ., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А., аттуу жарандарга катара Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button