Коом

Жаратылыш ресурстары министрлигинин регионалдык, ведомстволук бөлүнүштөрүндө 494 949,7 миң сомго бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктер аныкталды

КР Эсептөө палатасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана анын регионалдык, ведомстволук  бөлүнүштөрүнүн 2023-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын чыгарды. Аудит министрликтин ишмердүүлүгүндө бир катар бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктер аныкталды.

Мурдагы аудит боюнча тапшырмалардын аткарылышы

2021–2022-жылдар үчүн жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген 17 пункттан турган жазма буйруктун 13 пункту аткарылып, 3 пункту жарым-жартылай аткарылган, ал эми 1 пункт такыр аткарылган эмес.  Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 8655,5 миң сомдон 5655,35 миң сому калыбына келтирилип, калган  3000,15 миң сомдун 442,00 миң сому бюджетке, 2558,15 миң сому бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтириле элек.

2023-жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жүрүшүндө жалпы 494 949,7 миң сомго бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктер аныкталды. Анын ичинен 235 125,1 миң сом ордуна коюлууга тийиш болгон, ал эми аудиттин жыйынтыгы боюнча 1 407,4 миң сом ордуна коюлду.

Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөр боюнча жетишсиздиктер

Аудит учурунда чарба субъекттеринин айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр менен толук камтылбагандыгы аныкталды.

2024-жылдын 1-январына карата министрликтин регионалдык башкармалыктарында бул максатта 2 456 чарба субъектиси катталса, ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматында жалпы 618 402 чарба субъектиси катталган. Алардын ичинен айлана-чөйрөнү булгоо потенциалы бар өнөр жай, курулуш, мейманкана жана ресторан тармагында иш алып барган 68 408 субъект бар. Бул көрсөткүч көптөгөн чарба субъекттери тарабынан төлөмдөрдүн жүргүзүлбөгөнүн көрсөтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, 2023-жылы шаарда 13 578 чарба субъектиси катталган. Бирок министрликтин Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча регионалдык башкармалыгынын эсепке алуу базасында болгону 2 374 субъект катталган, алардын ичинен 296 субъект гана төлөм жүргүзгөн. Бул “Тазалыкта” катталган субъекттердин 2,2%, ал эми башкармалыкта катталгандардын 12,5% гана төлөгөнүн көрсөтөт.

Аудит учурунда Чүй облусундагы шаардык мэриялар берген маалыматка ылайык жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча 2023-жылы чарба субъекттеринен катуу-тиричилик калдыктарын чыгаруудан жалпы бюджетке түшпөй калган төлөмдүн суммасы эсеп боюнча 13 788,8 миң сомду түзгөн. Ысык-Көл облусунда Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында таштандыларды жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдү салыштыруу учурунда бюджеттин жоготуулары 76,7 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан республикага отун ташып келүү, күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) өндүрүү менен иштеген чарба субъектилери тарабынан 2023-жыл ичинде башка керектѳѳчγлѳргѳ сатылган отундардын (бензин, дизтопливо, суюлтулган газ, авиация отуну) өлчөмү боюнча алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча көчмө булактардан (транспорт каражаттарынан) атмосфералык абаны булгагандыгы үчүн бюджетке түшпөй калган төлөмдүн суммасы 219404,3 миң сомду түзгөн.  

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө көзөмөлдүн жоктугунан, 2021-2022-жылдар үчүн төлөмдүн эсеби жана төлөнбөгөн калдыгы белгисиз болуп калган.

Кыргыз геология кызматы тарабынан аудитке берилген толук такталбаган маалыматы боюнча 31.12.2023-жылга карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдарынын төлөнө элек калдыгы 213 340,1 миң сомду түзгөн.

Жүргүзүлгөн аудит чарба субъекттерин айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр менен толук камтуу, лицензиялык жыйымдарды өз убагында жана толук өндүрүү боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын көрсөттү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button