Коом

Башкалары барк топтосо, Дайыр душман топтогон кызматта

Президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн бөлүм — бул эң оор бөлүм, айрыкча азыркы күндө. Ар бир айтылган сөз, жаңылык, ушак-айыңдар бул бөлүмдө иштегендердин каны менен күнү-түнү айланып турат.

Маалыматтык “согушта” курал эмес тактика колдонулат. Дайыр деле мындай учурда элге жаман көрүнбөй “сулуу чымчыктын” ролун аркалап жүрө берсе болот эле. Ал анткен жок. Төшүн дзотко тосуп, ар тараптан атылган жаа окторуна калкан болуп келатканына күбөбүз.

Дайыр өзгөчө жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, ар тараптан келген чабуулдарды токтотуу үчүн кыйын шарттарда өз абийирин, жеке кызыкчылыктарын артка коюп, кызматын өз милдети катары аткарып келе жатат.

Ал түздөн-түз маалымат айдыңында жамандап, кээде ачык каршы чыккан оппоненттердин чыныгы жүздөрүн ачып көрсөтүүдө. Анан кимге жакмак эле.

Дайыр жеке кызыкчылыгы же өзү үчүн иштеп жаткан жок. Ал мамлекеттин кызыкчылыгын өз абийиринен жогору коюп, мамлекет үчүн башын канжыгага байлады. Артка жол жок!

Ээрге учкашпа, учкашкан соң түшө качпа дейт кыргызда.

Келечекте ал өлкөгө болгон милдетин өтөп, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгон адам катары бааланат.

Мына, ушундай абалда, ага каршы чыккан сөздөргө, чыккынчылыкка маани бербей, ишин уланта бериши керек. Бул анын кызматтык милдети жана миссиясы.

Иттер үрө берет, кербен жүрө берет, — деп жазды журналист Өткүрбек Рахманов.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button