Коом

25-мартка карата аба ырайы

Шейшембиде күндүз тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөрдө жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +11…+16, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында +7…+12 градус жылуу болот.

Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз түшкө чейин жаан жаап, +9…+11 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button