WhatsApp аркылуу 1 млн сомго алдап кетти делген банк кызматкери кармалды

Талас облустук милициясынын айтымында, 27 жаштагы келиндин WhatsApp тиркемесине онлайн акча табуу сунушу түшкөн. Ал буга макул болуп, шарт боюнча тиркемеге келген шилтемелерди башкаларга жөнөтүп турган. Ар бир жөнөтүлгөн шилтемеге 200, 500 сом акысын Мбанк капчыгына алып келген.
WhatsApp шылууну ишенимге кирип алган соң келинге кирешесин көбөйтүүнү сунуштап, ал үчүн биринчи банктык эсепке акча которушу керектигин айткан. Буга ынанган келин бөлүп-жарып отуруп жалпы 1 027 800 сом которгон. Андан кийин иш берип жаткан кишинин телефону өчүп, изин суутуп кеткен.
Милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоп, жыйынтыгында Нарын шаарындагы банктардын биринде иштеген 25 жаштагы жигитти кармады. Которулган акча анын электрондук капчыгына түшкөнү дагы аныкталды.



