Коом
Султанбай Айжигитов депутаттык мандатынан ажыратылды

Ал депутаттыкка талапкерлигин койгон маалда Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу кабар бербей жашырып койгондугу айтылды.
БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга “макул” болсо, бирөө каршы чыкты. Комиссиянын төрагасы Айжигитов чечимге макул болбосо сотко даттана аларын билдирди.



