Коом

УКМК: 300 чарчы метрден ашуун имараттын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында Бишкек шаарында жайгашкан административдик имаратты жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу жана ага карата колдонулган жол-жоболорду бузуу фактысын аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө,  белгиленген административдик имарат КР Айыл чарба министрлигинин менчигинде болгондугу жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке берилгендиги такталган.

Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объекттин бөлүгүнүн ээси бул менчикке ээлик кылуунун жана пайдалануунун укукка жатпагандыгын моюндаган. Мындан улам, ал жалпы аянты 300  чарчы метрден ашык имараттын пайдалануудагы бөлүгүн мамлекеттин балансына кайтаруу чечимин кабыл алды.

Учурда бильярд клубу жана конок үйү иштеп жаткан имараттын экинчи бөлүгүн кайтаруу иштери улантылууда.    Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү калыбына келтирүү үчүн имараттын бир бөлүгү түрүндөгү мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү жөнүндө арыз менен сотто иш козголот.

КР УКМК жеке менчикте турган мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жайларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button