Коом

Айнура Чокморова «Окуу китеби» басма үйүнүн директору болуп дайындалды

Айнура Чокморова «Окуу китеп» басмаканасы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ал Билим берүү министрлигинин конкурстук комиссиясынын протоколунун негизинде 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Буга чейин доцент Айнура Чокморова И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Чет тилдер» кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button