Коом

УКМК: Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара менен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, коррупцияны жоюу жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, КР УКМК Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан, каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн, Түркия Республикасынын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-мартында Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл аймагынын Көк-Таш тилкесинде 1995-жылы 14-ноябрда туулган Түркия Республикасынын жараны Ч.А.С.нын  жансыз денеси табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБ тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы 14-октябрда Өзбекстан Республикасында туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү 1980-жылдын 15-сентябрында туулган Д.М. издөөгө алынган.

2025-жылдын 1-апрелинде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Медицина кызматкерлеринин мындай аракеттери мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button