Коом
Оштун мэри шаарга кирип-чыккан унаалардан акы алууну сунуштады

Ал Европа менен Кытайда ушундай практика бар экенин мисал келтирди.
“Шаарга кирем деген жеңил унаалардан мисалы 50-100 сомдон, оор жүк ташуучу унаалардан 100-150 сомдон акы алсак, бир күндө 56 миң авто кирип-чыгат экен. 50 сомдон эсептесек күнүнө 2 млн 800 миң сом болот, бир айда 60 млн сом түшүп калат. Жол, тротуар, бак, соцобъектилерге мына акча”, — деди Токторбаев.
Ал президент шаарды өнүктүрүүгө акча бөлүп бергенин эске салып, бирок мындай нерсе дайыма эле боло бербестигин кошумчалады.
“Урматтуу кесиптештер, бул убактылуу иш, бекер оокат түбөлүккө болбойт. Өзүбүз тырышып, аракет кылып акча издебесек, Ош шаарынын маселесин эч ким чечпейт”, — деди калаа мэри.



