Коом
1-майдан тартан Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт

Эми тарифтер төмөнкүдөй болот:
Калк үчүн 1 киловатт саат электр энергиясы 1,11 сом болот (азыр 1 сом).
700 киловатт сааттан жогору колдонулса — 2,39 сом (азыр 2,16 сом).
Аз камсыз болгон колдонуучуларга — 55 тыйын (азыр 50 тыйын).
Республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган колдонуучулар 3,76 сомдон төлөйт (азыр 3,40 сом).
Лимитсиз тариф 3,63 сом (азыр 3,27 сом).
Майнинг, алтын кен өнөр жайы, алкоголдук продукцияны өндүрүүчү мекемелер, куюучу жана эритүүчү цехтер 5,58 сомдон төлөйт (азыр 5,04 сом).



