Коом

Кыргыз-Орус Славян унивеситетинде “Кыргызстандыктар – Советтер Союзунун баатырлары” аттуу эскерүү аземи өтөт

Бул тууралуу иш чараны уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Кыргыз-Орус Славян университетинин имаратында 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун оттуу жылдарында Ата Мекенди коргогон кыргызстандык 73 баатырдын эрдигине жана жаркын элесине арналган “Кыргызстандыктар – Советтер Союзунун Баатырлары” аттуу чектелген сериядагы почта маркаларынын чыгаруу аземи болот.

Совет элинин фашизмге каршы салгылашуудагы улуу Жеңишинин 80 жылдыгын утурлай Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн, меценаттардын катышуусунда «Российская газета» жана «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан долбоор даярдалып, ишке ашырылууда. Маркалардын тиражынын бир бөлүгү 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш парадынын катышуучуларына берилет,  деп билдирди Кыргызстандагы «Российская газетанын» директору Д. В. Евлашков.

Салтанат КРСУнун Чоң жыйындар залында саат 11:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button