Баткенде мыйзамсыз дары-дармек ташыгандар кармалды

Баткен облусунда өткөрүлгөн “Нелегал” операциясынын алкагында, мыйзамсыз дары-дармек ташуу фактысы аныкталды. Баткен ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жана ыкчам алынган маалыматтардын негизинде, тиешелүү документтери жок 17800дөн ашуун даана “Ампициллин+Сульбактам” дарысы ташылып жаткан эки автоунаа Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы Развилка участкасындагы постунан кармалды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, бул дары-дармектер Лейлек районунун Раззаков айылындагы “Мелис” аттуу жарандын үйүнөн жүктөлүп, Тажикстан аркылуу мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги такталды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине (Экономикалык контрабанда) ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү жарандар тактап айтканда, Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынын 44 жаштагы тургуну М.Т. жана Катраң айылынын 31 жаштагы С.у.И. тургуну учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камак түрү тандалып алынды.

Жогорудагы кармалган дары-дармектер Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өтпөгөндүгү жана мыйзамсыз ташылып келгени экспертизанын жыйынтыгында аныкталды.



