Коом
Лебединовкан айланма жолго кеткен трасса кандай болору айтылды

Транспорт министрлиги Лебединовкадан айланма жолго кеткен трасса кандай болуп өзгөрөрүн көрсөттү.
Эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилип, тротуар салынып, жарыктандырылат. Ошондой эле көпүрө да кеңейтилет.
Кыйылган бактардын ордуна андан да көп дарак отургузуларын министрлик убадалады. Курулуш иштеринин көбүн ушул жылы бүтүрүү пландалууда.
@abal-kg



