Түп районунда милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан аныкталган негизги приоритеттүү багыттарга ылайык Түп районунун ИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, билим берүү жана дин кызматкерлери менен бирдикте орто билим берүү мектептердин окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Мындай жолугушуулардын бири Түп айылынын В.Кайкин атындагы орто мектепте болуп, анда райондук милициянын балдар иштери боюнча инспектору В. Чекирова, имам-хатиб Кайкиев Бакыт ажы жана мектеп директору Ж. Тагаев окуучулар менен адеп-ахлак нормалары, салттуу коомдук баалуулуктар жана сергек жашоо образы темасында маек курушту. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорду беришти, аларга жөнөкөй турмуштук окуялардын мисалында толук жооп ала алышты.

Түп районунун ИИБдин балдар иштери боюнча инспектору В. Чекированын айтымында, окуучулар менен мындай жолугушуулар окуучуларга жалпы жарандык баалуулуктар системасына кошулуу боюнча билим берүү үчүн гана эмес, коомдогу милдеттерди өнүктүрүү, активдүү жаран болуу үчүн да өткөрүлүп жатат. Анткени, укуктук аң-сезимдин жогорку деңгээли мыйзамдуулукту жана тартипти сактоонун кепилдиги болуп саналат.



