Дүйнө

Окумуштуулар: Ысыктан улам адамдар жылына 56 саатка чейин уйкусуз калууда

Климаттын өзгөрүшүнөн улам түнкү ысык күчөп, адамдардын уйкусу бузулууда, деп билдирет Euronews.

Климаттын өзгөрүшүнөн улам түнкүсүн абанын температурасы 20 °Cден төмөн түшпөгөн учурлар көбөйүп, бул адамдардын уйкусунун сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Climate Central уюмунун 2020–2025-жылдарды камтыган изилдөөсүнө ылайык, дүйнө жүзүндө ар бир адам жылына орто эсеп менен 56 саатка жакын, башкача айтканда дээрлик жети түндүк уйкусун жоготот.

Изилденген 1300дөн ашык шаардын дээрлик баарында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ысыктан улам уйкунун бузулушу 1970-жылдардын башына салыштырмалуу кеминде эки эсеге көбөйгөн. Эң көп уйку жоготуу Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө катталган.

Адистердин айтымында, уйку организмдин калыбына келиши үчүн абдан маанилүү. Эгер түнкүсүн температура төмөндөбөсө, организм толук эс ала албай, стресс абалында калат.

Уйкунун жетишсиздиги маанайдын бузулушуна, эс тутум менен ой жүгүртүүнүн начарлашына, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана иммундук системаларга болгон коркунучтун жогорулашына алып келиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button