Сауд Арабиясы умра зыяратчылары үчүн жаңы эрежелерди киргизди

Сауд Арабиясынын бийлиги умрага баруучу чет элдик зыяратчылар үчүн өлкөгө кирүү тартибин өзгөрттү. Эми жаңы умра визасы менен чет элдик жарандар бир жыл ичинде өлкөгө бир нече жолу кире алышат.
Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы виза 365 күнгө жарактуу болуп, өлкөгө бир нече жолу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок Сауд Арабиясында болуу мөөнөтү жалпысынан 90 күндөн ашпоого тийиш.
Ар бир сапардын алдында зыяратчылар Nusuk платформасы аркылуу умрага уруксат алып, ошол эле жерден мейманкананы, транспортту жана сапарга байланыштуу башка кызматтарды алдын ала тандашы керек.
Ошол эле учурда, жаңы көп жолку виза ажылык (хадж) мезгилинде умра аткарууга укук бербейт. Эгер зыяратчы 90 күндүк уруксат берилген мөөнөттү толугу менен пайдаланып бүтсө, кайра кирүү үчүн жаңы виза алышы зарыл.



