Коом

УКМК төрагасы К.Ташиев Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлерин сыйлады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Бишкек ШИИББы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын айрым кызматкерлерин сыйлады.

Генерал-полковник К.Ташиев  кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн  белгиледи.

УКМК төрагасы :  “Ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир саатын өз мекенине кызмат кылууга арнап, Кыргыз Республикасы үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү», — деп кошумчалады.

Аны менен катар  К.Ташиев  патрулдук милициянын 5 кызматкерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button