Коом

Жалал-Абад облусунда 3 баллдык жер титирөө катталды

Кечээ, 24-ноябрда саат 19:37де Жалал-Абад облусунда 3 баллдык жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу: Токтогул шаарчасынан 58 чакырым түштүк-чыгышта, Тахталы тоолорунда, Жетиген айылынан 5 чакырым түштүктө, Чалдовар айылынан 6 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Өзгөрүш айылынан 10 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Жетиген, Чалдовар айылдарында – 3 баллга жакын, Кызыл-Өзгөрүш айылында — 2,5 баллды түздү.

Тектеш кабарлар

Back to top button