Коом
Түркияда кармалган мугалимдин үй-бүлөсү менен жолугушуу өттү

28-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинде Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун үй-бүлөсү менен жолугушуу өттү.
Мекеме анда министрлик жана Түркиянын мекемелери Азамат Нурмат уулунун укугун, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.
“Ошондой эле үй-бүлөсүнө адвокат менен түз байланыш түзүү жана Азамат Нурмат уулун үй-бүлө мүчөлөрү менен телефондон сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча иштер улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.



