Коом
Бишкекте эки окуучу дайынсыз болуп, изделип жатат

Бишкекте 2013-жылы туулган Сабыржан Акунов менен 2014-жылы туулган Бектурган Кажымуханов дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 28-апрелде Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу болуп, анда 27-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө 12-кичи райондо жайгашкан мектептен чыккан 2 окуучу үйүнө барбаганы айтылган.
Кимде-ким сүрөттөгү окуучуларды көргөн болсо, 0(312) 52-29-00, 0(312)54-41-85, 0(507)50-71-02, 0(706)41-83-47 номурларына чалсаңар болот.



