Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тууралуу кабарлагандарга акчалай сыйлык берүү сунушталды

Россиянын мамлекеттик Думасында мыйзамсыз мигранттар тууралуу кабарлаган жарандарга акчалай сыйлык берүү сунушталды.
Анда депутаттар Россиянын ИИМине кайрылуу жөнөтүшүп, миграция мыйзамдарын бузган учурлар жөнүндө маалымат берген жарандарга сыйлык катары төлөмдөрдү карап чыгууну сунушташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, аталган кайрылууда «мигранттар тарабынан миграция мыйзамдарынын бузулганы тууралуу, мисалы, өлкөдө керектүү каттоосу жок, эмгек патенти жок, жарактуу визасы жок адамдардын жүргөнү тууралуу ишенимдүү маалымат бергендиги үчүн акчалай сыйлык төлөө механизмин киргизүү сунушталган».
Ошондой эле документте ар бир аныкталган жана тастыкталган мыйзамсыз мигрант үчүн өзүнчө төлөм каралганы жазылган.
Мындан тышкары, депутаттар мигранттарга карата өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган учурларда айып пулдун өлчөмүн 2–7 миң рублдан 100 миң рублга чейин жогорулатуу керектигин белгилешкен. Алардын айтымында, бул чара санкциянын олуттуу мүнөзгө ээ болушу үчүн керек.



